Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1113 кишиге жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус дагы эки кишинин өмүрүн алды. Каза болгондордун бири Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканада, экинчиси Бишкектеги жугуштуу оорулар бейтапканасында дарыланып жаткан.

Бир күндө вирус дагы 384 кишиден жаңы табылды. Кыргызстанда коронавирус алгачкы жолу расмий аныкталган март айынан бери оору жугузуп алгандардын саны 52 910 кишини түздү. Анын 46 139у айыкты.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-октябрдагы брифингде билдирди.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2690 бейтап стационарда, 2481и үй шартында дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG