Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Үсөнбаев: коронавируска байланыштуу абал оорлошуп баратат


Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда акыркы кезде коронавирус жугузуп алгандар көбөйүп, абал оорлошуп баратканын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-октябрдагы брифингде билдирди. Ал санитардык эрежелердин сакталбай жатканына байланыштуу вирус жайылып жатканын белгилеп, беткап тагынууга, башкалардын, айрыкча жашы 60тан өтүп калган жарандардын өмүрүн тобокелге салбоого элди чакырды:

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери коронавирустун жаңы толкунунун бир себеби – санитардык талаптардын, беткап режиминин жана социалдык аралыктын сакталбаганы деп эсептешет. Ооруган адам да, дени сак адам да беткап режимин, социалдык аралыкты сакташы керек жана башка санитардык талаптарды аткарышы зарыл. Жарандар беткапты жабык имараттарда жана таза абада тагынып жүрүшү керек».

Нурболот Үсөнбаев ошол эле кезде азыр Кыргызстандын ооруканаларында бейтаптарды кабыл алыш үчүн орундар жетиштүү экенин кошумчалады.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар биринчи жолу расмий аныкталган март айынан бери илдеттен көз жумгандар статистикага ылайык 1113 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги алгач вирустан 1498 кишинин көз жумганын, 18-августта бул эсеп өзгөргөнүн билдирген.

Март айынан бери оору жугузуп алгандардын саны 52 910 кишини түздү. Анын 46 139у айыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG