Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Шайлоонун жаңы эрежелери боюнча сунуш парламентте каралмай болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шайлоо босогосун үч пайызга чейин ылдыйлатуу жөнүндөгү мыйзам долбоору 21-октябрда парламенттин жалпы кароосуна коюлат. Бул тууралуу 20-октябрда Бишкекте шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча жыйында сүйлөп жатып парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди:

«Парламентте «жок дегенде беш пайыз» деген талкуу бар. Биз үч деп турабыз азырынча. Үч деген мыйзамды биринчи окууда комитеттен араң өткөрдүк. Эртең пленардык жыйын болот. Андан өткөрүп, анан экинчи, үчүнчү окуудан тез арада өткөрүп берсек, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) күтүп жатат».

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитети 16-октябрдагы жыйынында шайлоо мыйзамына сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү биринчи окуудан өткөргөн. Сулайманов баш болгон бир катар депутаттар шайлоо босогосун азыркы жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүүдөн тышкары беш миллион сомдук күрөөнү бир миллион сомго чейин азайтуу жана форма №2 менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү сунуш кылышкан.

Азыркы мыйзам боюнча Кыргызстанда парламентке өтүш үчүн шайлоого катышкан партиялар жалпы добуштардын жети пайызынан көбүн алышы зарыл.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодо мындай чектен 16 партиянын төртөө өткөн. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясынан кийинки жапырт тополоң өлкөнү саясий кризиске алып келген. БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган.

Үч ай аралыгында Кыргызстанда парламенттик жана президенттик шайлоо өтүшү керек. (RK)

XS
SM
MD
LG