Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-ноябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Шайлдабекова: Шайлоону таза өткөрүүнүн жоопкерчилиги жалаң эле БШКда эмес


Нуржан Шайлдабекова.

Шайлоонун таза өтүшүндө негизги жоопкерчилик жалаң эле Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) эмес. Мындай пикирин 20-октябрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова айтты.

Ал шайлоо системасын жакшыртуу стратегиясынын алкагында көп иш жасалганын, бирок шайлооонун адилеттиги жалаң эле уюштуруу иштеринен көз каранды эместиги анык болгонун белгиледи:

«Мисалы, №2 форма көп нааразылык жаратты. 2017-жылкы шайлоодо да 315 миң жаран шайлоо дарегин өзгөртүп, партиялар киришкенин көргөнбүз. Ошондо биометрикалык идентификацияны киргизип, даректи негизсиз алмаштырууга тоскоолдук болот го деп ойлогонбуз. Андай болгон жок, себеби ресурсу бар партиялар кичиавтобус менен ташып келип, бул тоскоолдукту оңой эле жеңип коюшту. Ошондуктан бул жерде биздин жарандар менен иштөө маанилүү болот деп ойлойм. Жарандар «Жок, биз андайга барбайбыз» десе жакшы жыйынтык болмок. Бирок мен эч убакта жарандарды күнөөлөгүм келбейт. Баарыбыз чогуу иштешибиз керек. Абдан чоң сабак болду».

БШК 4-октябрда өткөргөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын элдик толкундоолордон кийин жокко чыгарган. Анда шайлоого 16 партия катышып, алардын төртөө жети пайыздык шайлоо босогосунан өткөн.

Азыр Кыргызстан парламенттик кайра шайлоого жана президенттик жаңы шайлоого камдана баштады. Парламенттик шайлоону жаңы эреже боюнча өткөрүү тууралуу сунуштар айтылып жатат. Алар – шайлоо босогосун азыркы жети пайыздан беш же үч пайызга түшүрүү, шайлоо күрөөсүн азыркы беш миллион сомдон бир миллион сомго чейин азайтуу жана №2 форма менен добуш берүү ыкмасын добуш сатып алууга мүмкүнчүлүк болбогудай кылып өзгөртүү. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG