Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

БШК: Парламенттик шайлоо мөөнөтү мыйзамдар өзгөртүлүп, уюштуруу иши чечилгенде аныкталат


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Парламенттик шайлоонун мөөнөтү Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, өкмөттүн уюштуруу, каражат бөлүп берүү маселелери чечилгенден кийин белгилүү болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 20-октябрда «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, азыр өкмөттүн жана парламенттин өкүлдөрү менен талкуу жүргүзүлүп жатат.

«Парламенттик шайлоону 2020-жылы өткөрүү туура болот. 20-декабрга белгилеп, кыска убакытта жыйынтыгын чыгарып, жаңы жылда жаңы парламент болуп калат. Биз Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүшүн күтүп жатабыз. Өкмөт менен каржылоо маселесин макулдашып жатабыз», - деди Шайлдабекова.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис келип чыккан. Тополоңдон кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мыйзамга ылайык, кайра шайлоо өткөнгө чейин азыркы парламент легитимдүү бойдон кала берет. (TSh)

XS
SM
MD
LG