Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская өлкөнүн укук коргоо кызматкерлерин 25-октябрга чейин оппозицияны колдоп эл тарапка өтүүгө чакырды. Бул күнү Александр Лукашенкого коюлган «элдик ультиматумдун» мөөнөтү аяктайт.
«Эгер силер кылмыштуу буйруктарды аткарууга макул болбосоңор аны аткарбагыла», - деп билдирди Тихановская.
Ал Лукашенконун режими куларын жана жаңы Беларуска укук коргоо кызматкерлери керек экенин кошумчалаган. Тихановская кылмыш кылгандар жоопкерчиликке тартыларын, бирок укук коргоо органдарынын жалпы люстрациясы жүрбөй турганын билдирди.
Буга чейин Светлана Тихановская Александр Лукашенконун 25-октябрга чейин бийликтен кетишин талап кылган.
Анда Лукашенко бул шарттарды аткарбаса, «бүт өлкө элдик ультиматум менен көчөлөргө тынч акцияга чыгат, өнөр жай ишканалары иш ташташат, бардык жолдор тосулат жана бардык мамлекеттик дүкөндөргө бойкот жарыяланат» деп эскертилген.
Беларустагы саясий кризис 9-августтагы президенттик шайлоодон соң уланууда. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаганы менен оппозиция аны тааныбай турганын билдирген.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганын айткан демонстранттар көчөлөргө чыгып, ошондон бери ар жекшемби сайын оппозициянын акциялары уланууда.
Европа Биримдиги жана АКШ Лукашенкону легитимдүү президент деп таануудан баш тартышкан.
Шайлоодо Александр Лукашенконун башкы атаандашы болгон Светлана Тихановская өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугунан чочулап, шайлоодон кийин Литвага чыгып кеткен. Ал өлкө сыртында бир катар мамлекеттин жетекчилери менен жолугуп, оппозициялык ишмердигин улантууда.