Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Европада коронавируска каршы чаралар күчөтүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европанын бир катар өлкөлөрү коронавирустун экинчи толкунуна каршы чукул чара көрүп жатышат.

Ирландиянын өкмөтү 19-октябрда шаршембиден тартып толук карантин киргизилерин билдирди. Бар-ресторандар, майда дүкөндөр, негизги эмес деген ишканалар алты жумага жабылат. Бирок мектептер ачык кала бермекчи. Жергиликтүү жашоочулар үйлөрүнөн беш чакырым алыс кетпөөгө тийиш.

Ирландияда коронавирус илдетинен 250 миңден көп киши көз жумду. Уэлсте эки жума бою эл жумушка же эң зарыл иштер менен сыртка чыга алат. Белгияда кафе-ресторандар бир айга жабылды жана түнкүсүн коменданттык саат киргизилди.

Соңку бир аптада коронавирустун жаңы учурларынын 44% Европага туура келди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Майкл Райян мунун себебин инфекциялангандарды карантинге алуу ишинин чабалдыгы менен түшүндүрөт.

Дүйнөлүк алкакта коронавируска 40 миллиондон көп киши чалдыкты, бир миллион 100 миңден көп бейтап каза болду.

XS
SM
MD
LG