Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Иран менен Украина Тегеранда атып түшүрүлгөн учак боюнча сүйлөштү


Иран менен Украинанын делегациялары Тегеранда. 19-октябрь, 2020-жыл.
Иран менен Украинанын делегациялары Тегеранда. 19-октябрь, 2020-жыл.

Иран менен Украина жыл башында Тегеранда атып түшүрүлгөн украиналык учактын маселесине байланыштуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. 19-октябрда Украинанын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Евгений Енин жетектеп келди. Ал эки күндүк сүйлөшүүнүн биринчи күнүндө Ирандын башкы дипломатынын орун басары Мохсен Бахарванд менен жолукту. Ирандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Бахарванд жолугушуунун жүрүшүндө Тегерандын «бул трагедияга байланыштуу жашыра турган эч нерсеси жок экенин», «украин эли менен делегациясына окуянын чоо-жайы боюнча так маалымат берүүгө» даяр экенин белгилеген.

Ал эми Украинанын Тышкы иштер министрлиги Евгений Енин «Иран украиналык учакты атып түшүргөнү үчүн бардык жоопкерчиликти мойнуна алганын, жарандыгына карабай курмандыктардын жакындарына бирдей кенемте төлөп берүүгө макул болгонун» кубаттаганын билдирди.

Ал ошондой эле Иран тарапты учактын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу бардык жагдайларга бейтарап иликтөөгө чакырган.

Украинанын эл аралык аба жолдоруна таандык «Боинг» учагы быйыл 8-январда Тегерандан Киевге учуп чыккандан көп өтпөй кыйрап түшкөн. Учактын жүргүнчүлөрүнүн арасында Украинанын, Канаданын, Британиянын, Ооганстандын жана Ирандын жарандары болгон.

Ирандын бийлиги учакты атып түшүргөнүн алгач мойнуна албай жатып, төрт күндөн кийин гана бул кокустук болгонун билдирген.

Окуя ирандык генерал Касем Сулейманинин АКШнын аба соккусунан мерт болгонуна байланыштуу Вашингтон менен Тегерандын алакасы чыңалып турган учурда болгон.

XS
SM
MD
LG