Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 02:19

Жапаров: Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерди ырааттуу аткарууну улантат


Бишкектеги жолугушуу. Өкмөт тараткан сүрөт. 20-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстан демократиялык өнүгүү, адам укуктарын коргоо жана аны өнүктүрүү боюнча иштерди, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерди ырааттуу түрдө аткарууну улантат. Мындай пикирин президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен жолугушууда билдирди. Жолугушуу бүгүн, 20-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу өкмөттүн сайты жазды.

Маалыматка караганда жолугушууда Жапаров өлкөдө бийликти өткөрүп берүү процедурасы конституциялык ченемдерге ылайык, тынчтык жолу менен өткөнүн, экономикалык, социалдык, сот жана укук коргоо чөйрөсүндөгү реформалар боюнча иштер башталганын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын 30 жылдык эгемендик мезгилинде коррупция адамдын жашоо-чөйрөсүндөгү бардык тармактарга кеңири жайылган, бирок биз аны толук жоюш үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Албетте, убакыт керек болот, бирок бул иштин натыйжасы жакын арада сезиле баштайт. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чоң жумуш аткарылууда. Бул иштер жакынкы мезгилде жыйынтыкталарына сизди ишендирип кетким келет», - деген Жапаров.

Өкмөт тараткан маалыматта Наталья Герман Жапаровду премьер-министрдин кызматына киришүүсү менен куттуктаганы айтылат. Герман БУУ жана башка эл аралык өнөктөштөр өкмөттүн өлкөдөгү бардык социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашыруу боюнча аракеттерин колдой турганын айтканы да жазылган. Учурда БУУ Кыргызстанга керектүү жардамдын багытын жана көлөмүн карап жаткандыгы белгиленген.

«БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандагы кырдаалга кылдаттык менен көз салууда жана ар тараптан жардам берип, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин тастыктады. Ошол эле учурда ал бардык жараяндар Конституциянын алкагында, эч кандай басым жасалбай жана адам укуктарын сактоо менен ишке ашырылууга тийиш деп эсептейт», деп айтылат Германдын сөзү деп өкмөт тараткан маалыматта.

Маалыматка караганда, тараптар 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын да талкуулашты. Премьер-министр алдыдагы парламенттик кайра шайлоо ачык-айкын жана жогорку уюшкандыкта өтөрүн билдирген.

Герман шайлоо өткөрүүдө эксперттик жана консультациялык жардам сунуш кылган. Ага Жапаровдун жообу кандай болгону кабарланган жок. Өкмөт башчы өлкөдөгү реформаларды колдоп жатканы үчүн БУУга ыраазычылык билдирди.

БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бүгүнкү жолугушуу тууралуу азырынча маалымат тарата элек.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда. (NT)

XS
SM
MD
LG