Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

«Улуттук диалог» жаңы бийликке шайлоого байланыштуу сунуштарды берди


Кыргызстандагы шайлоолордун бири.
Кыргызстандагы шайлоолордун бири.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгышына себепкер болгон партиялар кайра шайлоого катышабы-жокпу, бул маселени Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чечпейт. Бул тууралуу 20-октябрда Бишкекте шайлоо мыйзамдарын талкуулаган жыйындын жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда жазылды.

«Өлкөдөгү туруктуулуктун башкы өбөлгөсү – таза жана акыйкат шайлоо» деген ураан менен өткөрүлгөн жыйындын катышуучулары бул маселени Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү учурунда карап чыгып, өзүнүн саясий жана укуктук баасын бериши керек экенин билдиришти.

Жыйынга Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Дастан Бекешев, Алтынбек Сулайманов, БШКнын мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер катышты.

Талкуунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анда айрым саясий партиялардын административдик ресурсту жапырт колдонушу, шайлоочулардын добушун сатып алышы менен коштолгону 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга алып келгени белгиленди.

Жыйындын катышуучулары шайлоо босогосун 1%, шайлоо күрөөсүн бир миллион сом кылыш керек экенин белгилеп, форма №2 аркылуу шайлоо тартибин кайра карап чыгууга чакырышты. Алар президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылып, 4-октябрдагы шайлоо учурунда Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуш кылышты. Жыйындагылар бул мекемелер жана жергиликтүү бийлик мындан ары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербеши керек экенин белгилешти.

Чогулгандар БШК алдыда турган шайлоо жараяндарынын легитимдүүлүгүнүн жана мыйзамдарды сактоонун баштапкы кепилдиги катары азыркы курамы менен ишин толук уланта бериши зарыл экенин айтышты.

Кыргызстан парламенттик кайра шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү алдында турат. Буга 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганы жана андан кийинки саясий процесстерден улам бийлик алмашып, президент отставкага кеткени себеп болду.

Парламенттик шайлоого 16 партия катышкан. Алардын төртөө – «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» жети проценттик шайлоо босогосунан өткөнү кабарланган.

Кыргызстандын азыркы мыйзамдары боюнча, парламентке өтүш үчүн саясий партия беш миллион күрөө коюп, добуш бергендердин жалпы санынын жети процентинин колдоосуна ээ болушу зарыл. (RK)

XS
SM
MD
LG