Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Парижде өлтүрүлгөн мугалимге жогорку сыйлык берилет


Самюэл Пати.
Самюэл Пати.

Париждин чеке-белинде ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн тарых мугалими Самюэл Пати Франциядагы жогорку сыйлык - Ардактуу легиондун ордени менен сыйланат. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү министри Жан-Мишел Бланк билдирди.

Пати бул ордендин командору болот. Бул үчүнчү баскычтагы сыйлык болуп эсептелет жана каза болгон соң ыйгарылганы сейрек кездешет.

Сыйлыкты тапшыруу аземи Париждин борбору Сорбоннада тапшырылары кабарланды.

47 жаштагы Пати 16-октябрда ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Ал бул окуядан мурун «Charlie Hebdo» журналына жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатурасын окуучуларга көрсөтүп, сөз эркиндиги боюнча пикири менен бөлүшкөн. Бул кылмышка байланыштуу кылмыш иши козголуп, тогуз киши кармалганы кабарланган. Алардын экөө маркум иштеген мектептеги окуучулардын ата-энеси. Кылмышка шектүү өзү орусиялык чечен улутундагы 18 жаштагы жаран экени айтылган.

XS
SM
MD
LG