Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Беларуста сот «NEXTA-live» «Телеграм» каналына тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Беларус соту популярдуу «NEXTA-live» «Телеграм» каналын экстремисттик деп тапты. Минскинин Борбордук соту бул каналдын логотибин да колдонууга тыюу салды. Сот Беларуста акыркы айлардагы нааразылык акцияларын кеңири чагылдырган каналды «экстремисттик тизмеге» кошууга өлкөнүн Маалымат министрлигин милдеттендирди. Ага ылайык, эч бир маалымат каражаты «NEXTA-live» «Телеграм» каналына шилтеме берүүгө жана логотибин колдонууга болбойт. Буга чейин Беларустун Ички иштер министрлиги канал тараткан маалыматтарда экстремисттик мазмун бар деп сотко кайрылган.

Эки миллиондон ашык катталуучусу бар «NEXTA-live» каналы эми башка аталыш менен ишин улантарын жарыялады.

Беларуста быйыл августта президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Өлкөнүн БШКсы Александр Лукашенконун жеңгенин жарыялаганы менен оппозиция аны тааныган эмес.

Ошол убакыттан бери оппозициянын акциялары уланууда. Бул акцияларды «NEXTA-live» «Телеграм» каналы кеңири чагылдырып келген.

XS
SM
MD
LG