Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:14

Францияда мугалимдер соцтармактардын таасирине тынчсызданышууда


Бир нече күн мурун өлтүрүлгөн француз мугалимдин кесиптештери кайрылуу таратышты. Буа-д’Ольн коллежинин кызматкерлери маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, ошондой эле социалдык тармактардын таасири күчөп жатканына тынчсызданышкан.

Мугалимдердин: «Самюэл мугалимдик кесипке аябай берилген болчу. Биз анын жаркын элесин өмүр бою эсибизде сактап калабыз», деген билдирүүсү «France Télévisions» сайтына жарыяланды.

Маркум Самюэл Патинин кесиптештери мындан тышкары сабаттуулуктун башаты республикалык жана дүйнөбий баалуулуктар экенин белгилеп, муну Самюэл Пати да коллежде окуучуларга сөз эркиндиги тууралуу айтып жатканын белгилегенин билдиришкен.

Буа-д'Ольн коллежинин жамааты жарандарга «республикалык баалуулуктарга негизделген агартуу тармагы сокку жегенин» жазган.

Кайрылууда соцтармактардын таасири коомдук атмосферага таасири күчөп баратканына кабатырлыгын билдиришкен. Мурда кабарлангандай, мугалимди өлтүргөн адам сабак учурунда көрсөтүлгөн карикатура сүрөттөрдү соцтармактарга тараган видео тасмадан көргөн. Аны коллежде окуган кыздардын биринин туугандары жиберген.

Мугалимдердин кайрылуусунда «маалыматтын тездик менен тарашы мектеп мугалимдери үчүн чоң коркунучка айланганы» жазылган.

Франциянын Конфлан-Сен-Онорин аймагында болгон окуядан соң француз бийлиги социалдык тармактарды айыптаган. Соцтармактардын модераторлору сабак учурунда Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн мугалимди «жоопко тартууга» чакырган жорумдарды алып салбаганы сындалган. Франциянын юстиция министри Эрик Дюлон-Моретти соцтармактарды тескөөчү мыйзамдарды кабыл алууга чакырган.

XS
SM
MD
LG