Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:23

Абылгазиев Финполго суракка чакырылды


Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) суракка чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Кайсы иш боюнча чакырылганы айтылган жок.

Бир күн мурда Финпол Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Быйыл июль айында аталган кызмат өкмөт сатып алган «Тез жардам» автоунаалары боюнча иликтөө жүргүзө баштаган.

Cентябрь айында Абылгазиевди коронавирус пандемиясына байланыштуу шалаакылык үчүн жоопко тартууну сунуш кылган арыз Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медицина каражаттарын сатып алуу боюнча тендердеги алешемдик тууралуу Финполиция тергеп жаткан ишке кошулганы кабарланган. Абылгазиев жыштык чырына байланыштуу июнь айында кызматтан кеткен. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG