Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Парламенттик кайра шайлоо 20-декабрга белгиленди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөт. Мындай чечим бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүп, ага катышкан 16 партиянын төртөө жеңишке жеткени кабарланган. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясынан кийинки жапырт тополоң өлкөнү саясий кризиске алып келген. БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган.

Президент да кызматтан кеткендиктен, мыйзам боюнча үч ай аралыгында мамлекет башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү зарыл.

Ушу тапта шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү маселеси талкууланып жатат. (AiB/RK)

XS
SM
MD
LG