Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Криминал менен күрөш жана кылмыштуу топторго каршы иштерди күчөтүү тууралуу жарлык чыкты


Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров.
Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 16-октябрда «Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну кабыл алуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалыматты президенттин сайты 20-октябрда жарыялады.

Президенттин сайтында жарыяланган жарлыкта өлкөдө коомдук-саясий абалды тезирээк турукташтыруу максатында Конституциянын 65-68-беренелеринин негизинде Садыр Жапаров президенттин милдеттерин аткарууга киришип жатып токтом кабыл алганы жазылган.

Ага ылайык, Башкы прокуратурага, УКМКга, Мамлекеттик чек ара кызматына, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы), Ички иштер министрлигине аткаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз милдеттерин аткарышына көзөмөлдү күчөтүү, улуттук коопсуздукту камсыздоо, чек арадан мыйзамсыз өткөн учурларга катуу тыюу салуу, менчик укуктардын криминалга мыйзамсыз өтүшүнө, криминал менен кылмыштуу топтордун ишине тыюу салуу боюнча иштерди күчөтүү тууралуу тапшырмалар берилген.

Улуттук банк менен өкмөткө коммерциялык банктардын туруктуу иштешин камсыз кылуу, өлкөдөн капиталдарды мыйзамсыз чыгарууга бөгөт коюу милдети жүктөлдү. Өкмөткө ошондой эле мүлктү мыйзамсыз алып коюуга (рейдерлик басып алууга) жол бербөө, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жеке капиталды жана менчикти коргоо боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда. (NT)

XS
SM
MD
LG