Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Жогорку Кеңеште президенттик шайлоо мөөнөтү боюнча талаш жүрүп жатат


Жогорку Кеңештин президиуму. Архивдик сүрөт.
Жогорку Кеңештин президиуму. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны башталды. Күн тартибине ылайык бул күнү башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызына макулдук берүү, президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө маселелер каралышы керек. Мындан тышкары депутат Алтынбек Сулайманов күн тартибине шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу маселени киргизүүнү сунуш кылган.

Бул маселелердин ичинен президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо маселеси депутаттар арасында талаш-тартыш жаратып, айрым депутаттар процедура бузулуп жатканын айтып жатышат.

Төрага Канатбек Исаев президентти шайлоо мөөнөтүн президент кызматтан кеткенден кийин 5-7 күн аралыгында аныкташ керек экенин, бүгүн, 21-октябрь акыркы күн экенин белгиледи. Депутат Зулушев Жогорку Кеңеш жетишпей калса, президенттик шайлоо күнү автоматтык түрдө дайындалат деп эсептеди. Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү жөнүндө арызын парламент 16-окятбрда кабыл алып, ордуна өкмөт башчы Садыр Жапаров милдетин аткарып калган. (RK)

XS
SM
MD
LG