Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Жогорку Кеңеште референдум өткөрүү демилгеси талкууга түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште мамлекеттик башкаруу ыкмасын аныктоо үчүн референдум өткөрүү тууралуу сунуш айтылды. Депутат Үмбөталы Кыдыралиев азыр парламент биринчи кезекте референдум маселесин талкуулап алышы керек экенин айтты:

«29 жылдан бери 32-премьер иштеп жатат. Президент эч нерсеге жооп бербейт, бирок иш жүзүндө мамлекетти ошол башкарууда. Ошондуктан референдум өткөрүп, башкаруу формасын аныкташ керек. Жоопкерчилик керек. Жоопкерчилик эч кимде болбогондуктан, ушунун баары болуп жатат».

Депутат Каныбек Иманалиев референдум өткөрүүгө укуктук негиз жок экенин айтып, аны демилге кылуу укугуна үч субъект гана ээ экенин эске салды:

«Бирөө президент. Президент азыр жок, анын милдетин аткаруучу референдум кыла албайт. Экинчи – 300 миң кол. Эки айда аны чогултуп, өткөрү мүмкүн эмес. Үчүнчү – Жогорку Кеңеш. 80 депутат барсыңарбы? Референдумга коюлуучу Конституциянын долбоорун көрдүңөрбү? Кайсы комитетте каралды? Бизде эки эле айлык ресурс бар. Референдум парламентке түшүп, каралгыча алты ай өтөт. Бүгүн референдум өткөрүүгө эч кандай укуктук негиз жок. 4-6-октябрда борбордук аянтка чыккан кишилер «референдум кылгыла» деп келген эмес. Кыргызстандын тарыхында сегиз жолу референдум болду. Онунчу жылдыкын эске албаганда, жети жолкусу президенттин бийлигин кеңейтүүгө багытталган».

Быйыл 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, өлкөдө бийлик алмашты. 21-октябрда Боршайком парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгиледи. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо маселеси чечиле элек. (RK)

XS
SM
MD
LG