Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Мурдагы премьер-министр Финполго сурак берип жатат (видео)


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бүгүн, 21-октябрда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак берип жатат. Суракка кирерде «Азаттыкка» билдиргенине караганда Абылгазиевди мекеме күбө катары чакырган, бирок кайсы иш боюнча экени айтылган эмес. «Өкмөттү жетектеп турганда эч кандай мыйзам бузган эмесмин, тергөөнүн калыс жүрүшүнө ишенип турам», - деди суракка кирерде Абылгазиев.

Бир күн мурда Финпол Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Быйыл июль айында аталган кызмат өкмөт сатып алган «Тез жардам» автоунаалары боюнча иликтөө жүргүзө баштаган.

Cентябрь айында Абылгазиевди коронавирус пандемиясына байланыштуу шалаакылык үчүн жоопко тартууну сунуш кылган арыз Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медицина каражаттарын сатып алуу боюнча тендердеги алешемдик тууралуу Финполиция тергеп жаткан ишке кошулганы кабарланган.

Абылгазиев жыштык чырына байланыштуу июнь айында кызматтан кеткен.

Абылгазиев Финполго сурак бергени кирип кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

XS
SM
MD
LG