Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Вице-премьер Мамытканов: Матраимовдун схемасы - фейк эмес, дагы башкалары чуу менен кармалышы мүмкүн


Максат Мамытканов, вице-премьер-министр. Архивдик сүрөт.
Максат Мамытканов, вице-премьер-министр. Архивдик сүрөт.

Матраимовдун схемасы - фейк эмес жана бажыдагы коррупцияга байланыштуу дагы башка адамдар кармалышы ыктымал. Бул тууралуу 21-октябрда «Sputnik Кыргызстан» агенттиги уюштурган онлайн брифингде вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди:

«Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча чуулгандуу кармоо иштери болушу ыктымал. Эмне үчүн болбосун? Матраимовго байланыштуу жок жерден болгон жок да. Матраимов ошонун баарын жалгыз өзү жасаган эмес. Тийиштүү органдар алдына чынжырчада, схемада ким болсо, баары жазасын алсын деген маселе коюлат. Токтоп калбастан аягына жетиш керек. Себеби, Матраимовдун схемалары - жөн гана фейк же ойдон чыгарылган нерсе эмес. Алар иш жүзүндө болуп келген».

Мамытканов эми укук тартибин коргоо органдары коомчулук алдында, биринчи кезекте журналисттер алдында иштин реалдуу жыйынтыгын көрсөтүшү керек экенин белгиледи.

«Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен бирге бажыдагы кеңири тамырлаган коррупция тууралуу бир нече иликтөө жасап, аларда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталган. Матраимовдордун үй-бүлөсү ал иликтөөлөрдө айтылгандарга тиешеси жок экенин билдирип, сотко кайрылышкан.

УКМК Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип, бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG