Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

Депутат Карашев: Мамкызматта жетекчи болуп туруп шайлоого катышкысы келгендерге чектөө коюу зарыл


Аалы Карашев. Архивдик сүрөт.
Аалы Карашев. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев мамлекеттик органдын жетекчиси болуп иштеген адамдар парламенттик шайлоого катышкысы келсе кызматын тапшырышы керек деп эсептейт. Мындай сунушун ал шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу долбоорго коштуруп жатканын 21-октябрда парламенттин жалпы жыйынында айтты:

«Ушул жерде отурган депутаттардын 80% жакыны шайлоого катышты. Дээрлик көпчүлүгү административдик ресурсту өзүбүздөн өткөрдүк деп айтат элем. Тизме түзүлгөндө да мамлекеттик, муниципалдык кызматта иштегендер, мекеме жетекчилери тизмеге 128, 156, 138-болуп кирип алып, вице-премьер-министрибиз баш болуп, министрлердин орун басарлары кирип, административдик ресурсту толук өзүбүздөн өткөрдүк. Ошондуктан ушуларга чек койсок деген сунушумду жөнөттүм. Мамлекеттик, муниципалдык кызматта иштеген жетекчилер, саясий, административдик, атайын кызматты ээлегендер эгер шайлоого барам деген ниети болсо шайлоо дайындалган күндөн баштап он жумуш күнүнүн ичинде кызматын тапшырышы керек. Шайлоого барасыңбы - кызматтан кетишиң керек деген сунуш. Каттоодон өткөндөн кийин эмес, шайлоо дайындалгандан баштап эсептегенде».

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Ага өлкөдө коронавирус эпидемиясы уланып, баалар кымбаттап, элдин жашоосу оорлогон кезде социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Аида Исмаилова бийликчил «Биримдик» партиясынан катышканы коомчулукта кызуу талкуу жараткан. «Улуттук энергохолдингди» жетектеп турган Айтмамат Назаров «Кыргызстан» партиясынын тизмесине кирип, кийин коомчулуктун сынынан кийин талапкерликтен баш тарткан.

Шайлоо ыплас өткөнүн айткан партиялар 5-октябрда Бишкекте митинг өткөрүп, андан кийинки башаламандык өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келди. Боршайком шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, 21-октябрда кайра шайлоону 20-декабрга дайындады.

Бүгүн парламентте шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG