Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Тоолуу Карабактагы абал боюнча Орусияда жана АКШда сүйлөшүү өтөт


Тоолуу Карабактагы жарактан чыккан танкалар.
Тоолуу Карабактагы жарактан чыккан танкалар.

Армениянын президенти Армен Саркисян Тоолуу Карабактагы акыркы абал боюнча Европа Биримдигинин жана НАТОнун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш үчүн Брюсселге келди. Ошол эле учурда Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Орусиянын борбору Москвага жөнөгөнү кабарланды. Расмий Баку тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Москвага «орус тарап менен кеңешүү үчүн» кеткенин билдирген.

Армениянын тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян да бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугары маалымдалган.

Азери жана армян министрлери Москвада бетме-бет сүйлөшөрү азырынча белгисиз.

Бирок Орусиядан соң эки министр АКШга барып, Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугары кабарланды.

Орусия, АКШ жана Франция - Тоолуу Карабактагы абалды жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) алкагындагы Минск тобунун тең төрагалары. Буга чейин аталган өлкөлөрдүн жетекчилери ок атууну токтотууга жана сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырышкан болчу.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

Быйыл 27-сентябрда Тоолуу Карабакта куралдуу чатак кескин курчуп кеткен. Эскалация үчүн Баку менен Ереван бири-бирин күнөөлөп жатышат. Эки тараптан тең курман болгондор, анын ичинде карапайым жашоочулар арасында жоготуулар бар.

XS
SM
MD
LG