Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

«Манас» аэропортунун жетекчисине каршы акция өттү


«Манас» аэропортунун алдындагы акция. 2020-жылдын 22-октябры.
«Манас» аэропортунун алдындагы акция. 2020-жылдын 22-октябры.

22-октябрда «Манас» аэропортунун жанында 30дай киши чогулуп, жаңы дайындалган жетекчи Бактыбек Сыдыковдун иштен кетишин талап кылды. «Фейсбуктагы» баракчалардын биринде көрсөтүлгөн түз эфирде ал жерде чогулгандар өздөрүн «аэропорттун кызматкерибиз» деп тааныштырып, «Сыдыков кетсин, жаштар келсин!» деген ураандарды айтып жатышканы көрүндү. Ошондой эле алар ишкананын жетекчилик ордун басып алуу болгонун айтышты.

Чогулгандарга мекеменин басма сөз катчысы Алия Курбанова чыгып, Бактыбек Сыдыковду башкармалыктын башчысы кылып дайындоо тууралуу чечим ««Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинде Мамлекеттик мүлк фондунун сунуштамасынын негизинде, премьер-министрдин макулдугу менен 20-октябрда өткөн жыйында кабыл алынганын билдирди.

Сыдыков «Манас» эл аралык аэропортунун президенти болуп дайындалганы 21-октябрда кабарланган. Аэропорттун жетекчисин ишкананын директорлор кеңеши дайындайт.

Сыдыков 2007-2010-жылдары президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда «Манаста» директорлук кызматты аркалаган. Ал 2015-жылы «Республика – Ата Журт» фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат болуп келген. Атасы белгилүү мамлекеттик ишмер - Үсөн Сыдыков, ал эми уулу Алымбек Бактыбаев Бишкек шаардык кеңешинин «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты.

«Манас» эл аралык аэропортунун карамагына Бишкек, Ош, Каракол, Баткен шаарларындагы жана Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы беш эл аралык жана жер-жерлердеги алты аймактык аэропорт кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG