Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Финпол: Бактыгүл Жээнбаева суракка чакырылды


Бактыгүл Жээнбаева.
Бактыгүл Жээнбаева.

Мурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 22-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) суракка чакырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Басма сөз катчы Анастасия Пискурдун айтымында, Жээнбаева суракка Соттук өкүлчүлүк борборундагы акча коромжулугуна байланыштуу жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүү боюнча чакырылды.

Жээнбаева өзү комментарий бере элек. Ал 2019-жылдын сентябрь айында да Финполицияда суракта болгон. Анда ал «Азаттыкка» «Соттук өкүлчүлүк борборундагы төлөмдөр боюнча Финполго чакырышты. Бирок мен анда иштеген эмесмин, ал 2012-2015-жылдары болгон төлөмдөр. Ошондуктан менин тиешем жок. Төлөмдөр Финансы министрлиги аркылуу өткөн, ошондуктан чакырып жатышса керек» деп айткан.

Жээнбаева Финансы министрлигинде жетекчи болуп 2018-жылдын декабрь айынан 2020-жылдын октябрына чейин иштеген. 2014-жылы анын ордуна Кыялбек Мукашев дайындалган. (RK)

XS
SM
MD
LG