Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) партияларга күрөө акысын кайтарып берүү нормаларын тактап берүүнү сурап Жогорку Кеңешке кайрылды.
БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, мыйзамга ылайык, күрөө акысы 5% көп добуш алган партияларга акча кайтарылып берүү тууралуу гана эреже бар.
«Шайлоо болбой калганда же добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган учурда акчаны кайтарып берүү маселеси шайлоого таандык мыйзамдарга жазылган эмес. Ошондуктан депутаттарга кайрылдык», - деди Бекматов.
Мурдараак «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылгандыктан, БШК акчаны кайтарышы керек экенин, болбосо сотко кайрылышарын айткан.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого 16 партия салышып, төртөө утканы жарыяланган. Оппозициялык партиялар жана коомчулук буга каршы митингге чыгып, ал бийлик алмашуу менен аяктаган.
БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып, 20-декабрга жаңы шайлоо дайындаган.
«Реформа» партиясы парламенттик шайлоого күрөөнү коомчулуктун жардамы менен чогулткан болчу. БШКнын расмий маалыматына ылайык, алар жарандардын 2% жетпеген добушун алган.
Кыргызстандын шайлоо жөнүндөгү мыйзамына ылайык, парламентке барууга ат салышкан партиялар алдын ала беш миллион сом күрөөнү БШКга берүүгө тийиш. (SE)