Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Мамытов: Конституцияны өзгөртүү жана парламенттик кайра шайлоону токтото туруу боюнча сунуштар иштелип чыкты


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө долбоорлор иштелип чыкты жана талкууга коюлганы жатат. Бул тууралуу 22-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаалды, эпидемиологиялык жана экономикалык абалды эске алуу менен президентти жана парламентти шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын айрым нормаларын токтото туруучу долбоор иштелип чыкты. Анда парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынганга чейин жылдыра туруу каралган.

Мамытов мыйзам долбоорун фракция лидерлери, жалпысынан онго жакын депутат иштеп чыкканын, арасында Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов жана башкалар бар экенин, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү конституциялык реформа бүткөндөн кийин киргизилерин айтты.

Конституцияны өзгөртүү тууралуу да, шайлоо мыйзамындагы мөөнөттү токтото туруу жөнүндөгү да долбоорлор боюнча талкуу бардык депутаттардын, коомчулуктун катышуусу менен өтөрү айтылды.

Буга чейин депутат Сулайманов парламентте же толук президенттик, же толук парламенттик башкарууга өтүү тууралуу сунуштар айтылып жатканын билдирген.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң Борбордук шайлоо комиссиясы анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG