Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Өзгөндө 29 жаштагы жигитти ур-токмокко алган үч шектүү киши эки айга камакка алынган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Шоро-Башат айылынын тургуну Нурсултан Иматиллаев 6-октябрь күнү өзүнүн айылдаштарынан таяк жеп райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Аны сабаган деп шек саналган төрт жарандын үчөө 9-октябрь күнү кармалган. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

«Кармалган балдар мурун соттолгон эмес. Кайра эле өзүнүн айылдаштары. Урушкан маалда таяк колдонулганы чын. Бирок тапанча колдонулганы далилдене элек. Бала эсине келе элек, өзүнөн сураганыбызда дагы көп нерсе белгилүү болмок. Кармалгандар «Уруша кетип катуу уруп алганбыз, өлтүрүүгө аракет болгон эмес» деп айтып жатышат», - деди Аширбаев.

Жабырлануучу Нурсултан Иматиллаев учурда Ош облустук ооруканасында дарыланууда. Соттук-медициналык экспертиза анын башынын үч жеринде кан уюп, жаагы, тиштери сынып, эриндери жыртылып жана он колунун манжалары сынганын аныктаган.

Шектүүлөр Өзгөн райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Учурда жалпысынан жети киши сурак берүүдө. Алардын иши «Ээнбаштык» беренеси менен тергелүүдө. (DU)

XS
SM
MD
LG