Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитети 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.
Мыйзам долбоорун депутаттар Жанарбек Акаев, Мирлан Жээнчороев, Айсулуу Мамашева, Абдувахаб Нурбаев жана Алтынбек Сулайманов иштеп чыгышкан.
Авторлордун айтымында, эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда парламентке өтүүнүн шайлоо босогосу азыркы жети пайыздан үчкө, шайлоо күрөөсү азыркы беш миллион сомдон бир миллионго ылдыйлатылат жана форма №2 менен добуш берүү ыкмасы жоюлат.
4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң Борбордук шайлоо комиссиясы анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. (TSh/RK)