Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:25

Жогорку Кеңеш парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө сунушту колдоду


Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү. Иллюстрациялык сүрөт.
Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды. Мыйзам долбоорун 83 депутат колдоп берди. Аны парламентке Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров алып чыкты.

Парламентте сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунда «Конституциялык реформа, Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөр 2021-жылдын 21-январына чейин аякташы керек» экендиги белгиленген. Ал эми Жогорку Кеңештин кайра шайлоосун «конституциялык реформадан соң 2021-жылдын 1-июнуна чейин өткөрүү» сунушталган.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун аягы чуу менен коштолуп, анын баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган. Азыр президенттин милдетин премьер-министр аткарып жатат, парламенттин мөөнөтү аяктап баратат. Борбордук шайлоо комиссиясы 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Бүгүн парламентте парламенттик шайлоону Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүп алып, ошондон кийин уюштуруу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкканы белгилүү болду. Анын демилгечилери Кыргызстандын 4-октябрдагы окуядан кийинки коомдук-саясий абалын, экономикалык оор кырдаалын жүйө келтирип жатышат.

XS
SM
MD
LG