Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

«Акыркы көч» тасмасы Таллинге барат


«Акыркы көч» тасмасынан алынган кадр.
«Акыркы көч» тасмасынан алынган кадр.

Кыргызстандык кинорежиссёрлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан «Акыркы көч» («The Road to Eden») тасмасы Таллиндеги кинофестивалга катышат. Бул тууралуу Дастан Жапар уулу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Биздин тасма «Караңгы түндөр» кинофестивалынын сынактык программасына киргени чоң сыймык. Быйыл пандемиядан улам беш ири кинофестиваль иш-чара өткөрүүдөн баш тартты. Ошондуктан бул сынакка катышууну каалаган атаандаштарыбыз да кескин көбөйдү», деп жазды Жапар уулу.

«Акыркы көч» көркөм фильми «Кыргызфильм» студиясынын жана «Билимкана» коомдук фондунун колдоосу менен тартылган. Тасмада Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыяктуу көрүнүктүү актёрлор тартылган.

«Караңгы түндөр» кинофестивалы 1997-жылдан тартып иштей баштаган. Ушу тапта фестивалда 250гө жакын толук, 300дөн ашуун кыска метраждуу жана анимациялык тасмалар көрсөтүлөт.

«Караңгы түндөр» кинофестивалы быйыл 18-29-ноябрь күндөрү салттуу форматта Эстонияда өтөт. (ZKo)


XS
SM
MD
LG