Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Жапаров мурдагы ТИМ башчысы Айдарбековду өзүнө кеңешчи кылып дайындады


Чыңгыз Айдарбеков, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кеңешчиси.
Чыңгыз Айдарбеков, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кеңешчиси.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду мамлекет башчынын стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси кылып дайындады. Дайындоо тууралуу маалыматта мындай чечим Айдарбековдун «мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишилген натыйжаларды» эске алуу менен кабыл алынганы айтылды.

43 жаштагы дипломат Тышкы иштер министрлигин (ТИМ) 2018-жылдан бери башкарып келди. Быйылкы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки бийлик алмашууда Жапаров анын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты, ТИМдин мурдагы башчысы Руслан Казакбаевди дайындаган.

Айдарбеков ТИМ системасында 1998-жылдан бери иштеп келген. Президенттик аппаратта жана парламентте эмгектенген, Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG