Кыргызстанда октябрь айында коронавирус жуккандар үч эсе көбөйдү. 1-октябрда 172 адамдан илдет аныкталган, 10-октябрда 307 кишиден, 23-октябрда 582 кишиден вирус чыкты.
Пневмонияны козгогон коронавирус күчөгөн соңку үч аптада (28-сентябрь - 23-октябрь) Кыргызстанда 64 адам жашоо менен кош айтышты.
Коронавируска каршы республикалык штаб өлкөдө бул дартка кабылгандар марттан бери 54 588 кишиге жеткенин, алардын 47050сү айыкканын, 1126 бейтап көз жумганын кабарлады.
Сүрөттө: Кыргызстанда коронавирус жуккандардын аймактардагы саны боюнча 23-октябрга карата расмий көрсөткүч. Эсеп илдетке каршы республикалык штабга таандык. (SE)
.