Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:50

Ысык-Көлдө окуучу үстөмдүктөн улам өз өмүрүнө кол салганы айтылууда


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Бирлик айылынын тургуну Дүйшө Молдакунов небереси, 8-класстын окуучусу өз жанын кыйганга аракет кылган жеринен кармап калганын айтты. Маалыматты облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов тастыктап, бала мал сарайга кирип асынып алганын билдирди.

Азыр окуучу Түп райондук оорукансында жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Баштапкы маалыматтарга караганда, ага 9-класста окуган бала «салык салган». Окуучу айласы кеткенде жанын кыюуга аракеттенген. Түп райондук милициясы фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки тергөө башталды.

Бирлик айылындагы мектептин директору Сагынбек Түлөбердиев окуучу мектептеги үлгүлүү уландардын бири экенин айтты. (KS)

XS
SM
MD
LG