Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

Сергей Лавров кыргыз-орус алакаларына пикирин билдирди


Орусия менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери Казакбаев менен Лавровдун жолугушуусу. 23-октябрь, 2020-жыл.
Орусия менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери Казакбаев менен Лавровдун жолугушуусу. 23-октябрь, 2020-жыл.

Евразия фонду Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн убада берген 100 миллион долларды берет. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Москвадагы жолугушуусунан соң өткөргөн басма сөз жыйынында айтты:

«Евразия фондунун Кыргызстанга 100 млн. доллар жеңилдетилген насыя берүү тууралуу чечими күчүндө, аны эч ким токтоткон эмес. Биз Кыргызстандын мурдагы өкмөтү менен болгон макулдашууларды, анын ичинде эң башкысы Турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча Евразия фонду бере турган насыяны берүү мөөнөтүн бышыктадык».

Финансы министрлиги Турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча Евразия фонду Кыргызстанга коронавирустун экономикага, каржылык жана социалдык тармакка таасиринен коргош үчүн берерин, бул боюнча макулдашуу кабыл алынганын август айында кабарлаган. Акыркы чукул бийлик алмашуудан кийин Орусия каржылык колдоону убактылуу токтоткондугу тууралуу маалымат тараган.

Кыргызстандын жаңы дайындалган тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусияга 22-октябрда барган. Ал эки тараптуу сүйлөшүүлөр канааттандырарлык болгонун белгиледи.

Кыргызстандын 15-октябрдан кийин келген жаңы бийлиги менен өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү болуп саналган Орусиянын бийлиги бийик деңгээлде диалог түзө элек. Буга байланышкан суроого Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров:

«Менимче, биздин досторубуз аягына чыга турган процесстерди, шайлоолордун, конституциялык реформалардын кезегин аныктап алышы керек. Бүгүн бул тууралуу да сүйлөштүк. Эң жакын арада айкындык болоруна үмүттөнөм», - деп жооп берди.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция жана жарандык коом өкүлдөрү 5-октябрда нааразылык акциясына чыгып, кийин ал жапырт башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Башаламандык уланып жаткан күндөрдө Орусия каржылык колдоону саясий кырдаал турукташканга чейин токтотконун кабарлаган.

22-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы окуяларды «кыргыз элинин шору» деп баалаган. (SE)

XS
SM
MD
LG