Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:30

Ишкер Дөөлөталиева: Биз мындан ары салык төлөй албайбыз


«Дордой» базары. Иллюстрациялык сүрөт.
«Дордой» базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдан товар ташыган кыргызстандык ишкерлердин бизнеси токтоп, оор абалга түшүп, мамлекетке салык төлөй албай турушат. Бул тууралуу 23-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында «Дордой» комплексинин кесиптик кошуунунун башчысы Дамира Дөөлөталиева билдирди.

Ал кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттериндеги абалга токтолуп, бир күндө 300 автоунаа өтчү бекеттен азыр бештен ашыгыраагы гана өтүп жатканын айтты. Кытайдан күткөн товарлары колуна алты ай кечигип тийип жаткан соодагерлердин ишкердик сезону үзгүлтүккө учурап, бизнесин токтотуп жатышканын белгиледи. Анын айтымында, ишкердик сезон төртүнчү ирет үзгүлтүккө учураганы турат.

«Биздин чыдамыбыз түгөндү. Миңдеген ишкерлердин өтүнүчүн силерге жеткирип коёюн – биз мындан ары салык төлөй албайбыз. Тилекке каршы, ушундай. Ошондуктан, Артем Эдуардович (Новиков, биринчи вице-премьер-министр-ред.), тез арада комиссия изилдеп чыксын», - деди ал.

Ал «Торугарт» боюнча абалды жөнгө салыш үчүн тез арада Тышкы иштер министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы жана башка тийиштүү органдар катышкан комиссия түзүп, керек болсо Кытай тараптын алдына барып, ишкерлердин товарын алып өтүүгө жардам берүүнү сунуш кылды.

Жыйынга катышып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кытай тарап менен соода алакалары боюнча күн сайын сүйлөшүү жүрүп жатканын, жакын арада дагы кеңири талкуу болорун маалымдады.

Кыргыз-кытай чек арасындагы чектөө коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген. Кийин кыргыз тарап чектөөлөрдү алган. (RK)

XS
SM
MD
LG