Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Орусиянын башкы дипломаты кыргызстандык кесиптеши менен маалымат жыйынында «үй ээсин сыйлоого» чакырды


Сергей Лавров, Орусиянын тышкы иштер министри.
Сергей Лавров, Орусиянын тышкы иштер министри.

Москвадагы басма сөз жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен журналисттин ортосунда болгон кыргыз тилиндеги суроо-жооп орусиялык кесиптеши Сергей Лавровго жаккан жок. Казакбаев «Ала-Тоо-24» телеканалынын журналистинин суроосуна кыргыз тилинде жооп берип жатканда:

«Кечириңиз, сиз үй ээсин сыйлап коюшуңуз керек го ээ? Бардык маанисинде...», - деди Лавров.

23-октябрда Москвада Орусиянын жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Руслан Казакбаев журналисттер үчүн жыйын куруп, анда эки тараптуу жолугушуу тууралуу маалымат беришти. Тараптар жолугушуу канааттандырарлык деңгээлде өткөнүн белгилешти.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстандын жаңы бийлигинин атынан Москвага барган алгачкы расмий өкүл болду. Ал Москвага 22-октябрда барган. Буга чейин эки министрдин жолугушуусу болбой калганы тууралуу маалымат тараган.

Кыргызстандын 15-октябрдан кийин келген жаңы бийлиги менен өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү болуп саналган Орусиянын бийлиги бийик деңгээлде диалог түзө элек. Буга байланышкан суроого Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров:

«Менимче, биздин досторубуз аягына чыга турган процесстерди, шайлоолордун, конституциялык реформалардын кезегин аныктап алышы керек. Бүгүн бул тууралуу да сүйлөштүк. Эң жакын арада айкындык болоруна үмүттөнөм», - деп жооп берди.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги жапырт башаламандыкка айланып, ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип, Жогорку Кеңештин төрагасы алмашып, 6-октябрга караган түнү түрмөдөн тарапкерлери бошоткон Садыр Жапаров премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу болуп бекитилген.

22-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы окуяларды «кыргыз элинин шору» деп баалаган. (SE)

XS
SM
MD
LG