Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Москвада Казакбаевден мурдагы президенттин макамын сурашты


Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Москвадагы сапарында журналисттер Атамбаевге кепилдик берүү тууралуу суроо узатышты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен биргелешкен басма сөз жыйынында «Россия 24» телеканалынын журналисти: «Өлкөнүн мурдагы жетекчилигине жана Атамбаевге кепилдик каралабы?» - деген өңүттө суроо узатты.

«Анын баары Кыргызстандын мыйзамдарына жараша чечилет. Эгер экс-жетекчи макамы берилген болсо, анда кепилдиктер жана жеңилдиктер берилет»,- деди Казакбаев.

Ошондой эле журналисттин люстрацияга байланыштуу суроосуна ал Кыргызстандын жаңы премьер-министри коррупцияга, криминалга каршы күрөшүп баштаганын белгилеп, күнүгө люстрация болуп жатканын айтты.

Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 27-июнунда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан.

Учурда камакта отурган Атамбаев 2011-2017-жылдары Кыргызстандын президенти болгон.

Быйылкы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан соң президенттиктен кеткен Сооронбай Жээнбековго «экс-президент» макамы ыйгарылды.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстандын жаңы бийлигинин атынан Москвага барган алгачкы расмий өкүл болду. Ал Москвага 22-октябрда барып, 23-октябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. (SE)

XS
SM
MD
LG