Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин 25 партия билдирди


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Жогорку Кеңештин кайра шайлоосуна катышуу ниетин 25 партия билдирди. Бул тууралуу 23-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

“2020-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 20-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген 25 саясий партиядан билдирме келип түштү”, - деп жазылган Башкы шайлоо мекемесинин расмий сайтында.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 21-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу сунуш бир добуштан кабыл алынган.

Бирок 22-октябрда Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ага ошол эле күнү кол койгон. Ага ылайык, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, конституциялык реформадан кийин өткөрүлүшү керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынан Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган өз чечимдерин мыйзамдуу деп санай турганын билдиришти.

2020-жылдын 20-декабрына дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын тизмеси:

“Кыргызстан жашылдар” партиясы,

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы,

“Билим Илим Ордосу” партиясы,

“Мекен Ынтымагы” партиясы,

“Ата Мекен” партиясы,

“Ыйман Нуру” партиясы,

Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын саясий партиясы,

“Эл биримдиги” партиясы,

“Улут Ордо” партиясы,

“Элдик Кеңеш” партиясы,

“Глас Народа” партиясы,

“Партия Патриот” партиясы,

“Актив” партиясы,

“Молодежная прогрессивная партия Кыргызстана”

“Адилеттүү Кыргызстан” партиясы,

“Социал-демократтар” партиясы,

“Өнүгүү Кыргызстан” партиясы,

“Ордо” партиясы,

“Республика” партиясы,

“Ак Шумкар” партиясы,

“Реформа” партиясы,

“Улутман” партиясы,

ЛДП НУР партиясы,

“Улуу Журт” партиясы,

“Бүткүл жаштар” саясий партиясы.

XS
SM
MD
LG