Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча БШКнын токтомун сот жокко чыгарды


Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өткөрүүнү 20-декабрга дайындоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомун Бишкектин Биринчи май райондук соту мыйзамсыз деп тапты.

24-октябрда сот ушундай чечим кабыл алганын БШК төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов билдирди:

"Такташып жатабыз. Жогорку сотко кайрылышыбыз мүмкүн".

БШКнын 21-октябрдагы жыйынында парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү чечими кабыл алынган.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ошол эле күнү кол койгон. Ага ылайык, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, конституциялык реформадан кийин өткөрүлүшү керек.

БШК мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган чечими мыйзамдуу экенин айтып келишкен.

Бул чечимдин үстүнөн сотко "Актив" партиясы жана "Адам укуктары жана демократия үчүн коалициясы" сотко кайрылган.

БШК кайра дайындаган шайлоого катышуу ниетин билдирип, 37 партия арыз берген эле. (SE)

XS
SM
MD
LG