Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Хабиб Нурмагомедов Жастин Геджини уткандан соң карьерасын токтоторун айтты


Хабиб Нурмагомедов.
Хабиб Нурмагомедов.

Жеңил салмакта UFC чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедов америкалык атаандашы Жастин Геджини беттеште утту. Мушташ 24-октябрда Абу-Дабиде болду.

Экөөнүн беттеши эки раундга созулду. Хабиб үч бурчтук ыкмасын колдонуп, Геджини эси ооп баратканда рефери мушташты токтотту.​


Бул Хабиб Нурмогамедовдун 29-беттеши болду. Ал баарында жеңишке жеткен. Ал эми Геджи 22 жолу мушташып, үч ирет жеңилген.

Орусиянын курамындагы Дагестандын атуулу Хабиб Нурмагомедов дүйнөнүн мыкты мушкерлеринин алдыңкы сабын толуктайт. Ал Геджини уткандан соң спорттогу карьерасын токтоторун айтты.

XS
SM
MD
LG