Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

Бир суткада 606 адамдан коронавирус чыкты, төрт киши көз жумду


Кыргызстанда коронавирус жуктургундар, айыккандар жана көз жумгандардын саны. Илдетке каршы республикалык штабдын инфографикасы.
Кыргызстанда коронавирус жуктургундар, айыккандар жана көз жумгандардын саны. Илдетке каршы республикалык штабдын инфографикасы.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 25-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан жана пневмониядан дагы төрт бейтап каза болду. Алар Нарын, Ош, Чүй жана Баткен облустарында. Ушуну менен COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 1134гө жетти.

Акыркы суткада 606 адамдан вирус жаңыдан табылды. Мурда ооругандардын 279у айыкты.

Оору жугузгандардын аймактардагы эсеби:

  • Жалал-Абад облусунда - 184;
  • Баткен облусунда – 105;
  • Ош облусунда - 97;
  • Бишкек шаарында - 88;
  • Ысык-Көл облусунда - 41;
  • Ош шаарында – 36;
  • Чүй облусунда - 29;
  • Талас облусунда - 24;
  • Нарын облусунда - 2 киши.

Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 55750 адамды түздү. Алардын арасынан 47616 бейтап айыкты.

Республикалык штабдын 25-октябрга карата статистикасы:

2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань калаасынан чыккан вирус 188 өлкөгө тарады.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 25-октябрга карата дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 42 миллион 613 миңден ашты. Алардын 1 миллион 150 миңге жакыны жашоо менен кош айтышты. 28 миллион 762 миңден көбүрөөк бейтап айыкты.

АКШда оорулуулар сегиз миллиондон, Индияда жети миллиондон, Бразилия беш миллиондон ашты. Орусияда, Аргентинада, Испанияда, Францияда миллиондон көп. (SE)

XS
SM
MD
LG