Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Александр Лукашенкого коюлган «элдик ультиматумдун» мөөнөтү аяктады


24-октябрдагы акция катышуучулары. Минск.
24-октябрдагы акция катышуучулары. Минск.

Беларуста 24-октябрда нааразылык акциясына чыккандардын арасынан тогуз кишини полиция кармады. Ал күнү жүздөгөн аялдар Александр Лукашенконун режимине каршы салттуу жүрүш жасашкан. Алар кайрадан президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып атышат.

Катышуучулардын айрымдары кызыл-ак желекти көтөрүп, айрымдары ушундай түстөгү колчатырларды кармап алышты. Жамгырга карабай, акция бир нече саатка созулду.

Ошол күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Беларустун мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады. Бирок сүйлөшүүнүн мазмуну жөнүндө так кабар айтылган жок.

9-августта Беларуста өткөн президенттик шайлоодо Лукашенко жеңип чыкканы айтылгандан тартып нааразылык акциялары токтобой келатат.

Шайлоодо Лукашенконун негизги атаандашы болгон Светлана Тихановская өлкөнүн укук коргоо кызматкерлерин 25-октябрга чейин оппозицияны колдоп эл тарапка өтүүгө чакырды. Бул күнү Александр Лукашенкого коюлган «элдик ультиматумдун» мөөнөтү аяктайт.

XS
SM
MD
LG