Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Аятолла Али Хаменеи эл саламаттыгын бардык көйгөйдөн бийик коюуга чакырды


Иранда тартылган сүрөт.
Иранда тартылган сүрөт.

Ирандын баш көсөмү аятолла Али Хаменеи өлкө бийлигин эл саламаттыгын экономикалык жана коопсуздук көйгөйлөрүнөн бийик коюуга чакырды.

Узаган аптада Иранда COVID-19 инфекциясынан көз жумгандардын саны 32 миңден ашты. Хаменеи өлүм санын азайтуу үчүн бардык чараларды көрүүгө үндөдү.

Коронавируска каршы күрөшүү комитетинин алдында сүйлөгөн баш көсөм бардык уюмдар вирустун жайылышын азайтуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин кеп-кеңешин толук аткарышы керектигин айтты.

25-октябрга карата бул мамлекетте коронавирус жуктуруп алгандардын саны 562 700дөн ашты. Сакайгандар 451 миңге жакын.

Саламаттык сактоо адистери өлгөндөрдүн саны расмий статистикадан көп болушу мүмкүндүгүн белгилешүүдө.

Вирус тез жайылып жатканына карабай Иран өкмөтү толук карантин чараларын жарыялаган жок. Тегеран ансыз да АКШ санкцияларынан улам аксап турган экономикага "карантин оор сокку болушу мүмкүн",- деген турумда.

XS
SM
MD
LG