Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:24

Беларуста "элдик ультиматумдан" кийинки ири акциялар башталды


Беларуста Александр Лукашенкого коюлган «элдик ультиматумдун» мөөнөтү аяктады. 25-октябрда өлкөнүн бир канча аймагында, анын ичинде баш калаа Минск шаарында нааразылык акциялары өтүүдө.

Ички иштер министрлиги элди демонстрацияга катышпоого чакырган. Интернеттеги түз эфирлерде жүздөгөн адам жүрүшкө чыкканын көрүүгө болот. Атайын даярдыктагы аскерлер демонстранттарды кармап кетүүдө.

"Настоящее время" телеканалы кабарлагандай, Минск шаарындагы акциянын катышуучулары демонстранттарды кара ниет катары көрсөтүп келген мамлекеттик телеканалдын журналистинин бетине түкүрүп, аны уяткарышты.

Бир күн мурун Лукашенконун режимине каршы аялдардын салттуу жүрүшүндө тогуз адам кармалган.

9-августта Беларуста өткөн президенттик шайлоодо Лукашенко жеңип чыкканы айтылгандан тартып нааразылык акциялары токтобой келатат.

Шайлоодо Лукашенконун негизги атаандашы болгон Светлана Тихановская өлкөнүн укук коргоо кызматкерлерин 25-октябрга чейин оппозицияны колдоп эл тарапка өтүүгө чакырган. Антпесе, өлкө бойлой жапырт иш таштоо башталары эскертилген.

XS
SM
MD
LG