Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

БШК соттун парламенттик шайлоону токтотуу тууралуу чечимине каршы даттанмай болду


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик кайра шайлоо өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган соттун токтомуна каршы арызданат. Бул тууралуу 26-октябрда «Азаттыкка» Боршайкомдун басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирди.

Быйыл 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, нааразылык акцияларынан кийин, 9-октябрда Боршайком анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. Шайлоо ыплас өткөнүн билдирип чыккандардын митинги башаламандыкка айланып, 6-октябрда өлкөдө бийлик алмашкан.

БШК парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган. Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун бул чечимин жокко чыгарганы 24-октябрда белгилүү болгон. БШКга каршы сотко «Актив» партиясы жана «Адам укуктары жана демократия үчүн» коалициясы сотко кайрылган.

БШКнын маалыматына караганда, кайра шайлоого катышуу ниетин 48 саясий партия билдирди.

4-октябрдагы шайлоого катышуу ниетин 44 партия билдирген, алардын 16сы талапкер катары катталган.

22-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров президентти жана парламентти шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG