Араван районуна караштуу Юсупова айыл аймагында милиция кызматкерине кол көтөргөн жаран 24-октябрь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ош ОИИБнын маалыматына караганда 23-октябрь күнү райондук күзөт бөлүмчөсүндө кызмат өтөгөн милиция кызматкери үйүнө бараткан учурда мурун эки ирет «Ээнбаштык» беренеси менен соттолгон жаран ага кол көтөргөн. Ал милицияны оозго алсыз сөздөр менен сөгүп, бетине жана мойнуна коюп жиберген.
Аталган окуя Араван райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү иштерин тергөө кызматы жүргүзүүдө. Милиция кызматкери денесинен кандай деңгээлде жараат алганын аныкташ үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. (DU)