Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасында жекшемби күнү чыр чыккан айылда бүгүн абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө жерлигинде катталган чыр күчөп кетпеши үчүн жана кырдаалды турукташтыруу максатында ал жакка Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев барды. Ал күч түзүмдөрүнүн ишин координациялайт.

Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Үч-Дөбөдөгү окуяга байланыштуу эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп сүйлөштү.

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 25-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Үч-Дөбө айылында тактала элек аймакта тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Кыргызстандын чек арачылары аларга такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө болбосун айтышкан, тажик жарандары аларды укпай, чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

Тажикстандын расмий бийлиги маалымат бере элек.

Азыркы учурда курулуш иштери токтотулду.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу – 970 чакырым. Мунун ичинен 504 чакырымы делимитация жана демаркация болгон. Калган такталбаган аймактар чек аранын эки тарабындагы элдин түрдүү чатактарына себеп болуп келет. (RK/JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG