Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Юрист Какеев: Кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзамдын юридикалык күчү жок


Искендер Какеев, «Адилет» укуктук клиникасынын өкүлү.
Искендер Какеев, «Адилет» укуктук клиникасынын өкүлү.

Парламенттик кайра шайлоону жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өз маалында эмес, Конституцияны өзгөрткөндөн кийин өткөрүү тууралуу мыйзамдын юридикалык күчү жок, анткени ал Баш мыйзамды одоно бузуу менен кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн 26-октябрда Бишкекте Көз каранды эмес юристтер тобу уюштурган брифингде айтылды.

«Адилет» укуктук клиникасынын өкүлү Искендер Какеев Конституция боюнча Жогорку Кеңештин мөөнөтү беш гана жыл экенин, жаңы курамын шайлоону башка убакытка которууга уруксат жок экенин айтты. Ал 28-октябрда мөөнөтү аяктагандан кийин азыркы чакырылыштагы депутаттардын мыйзам жана чечим кабыл алууга укугу жок болуп каларын белгиледи.

Ошону менен катар Какеев президенттин милдетин аткарып жаткан адам элдик шайлоо аркылуу бийликке келген мыйзамдуу президенттин укуктарына ээ эмес экенин кошумчалады:

«Мына ушунун өзү эле ал мыйзам Конституцияга түздөн-түз каршы келерин жана юридикалык күчкө ээ эмес экенин көрсөтүп турат. Президенттин милдетин ким аткарбасын, анын ыйгарым укуктары шайлоо аркылуу келген президенттикине караганда чектелүү».

Какеев шайлоолорду токтото туруу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууда процедуралык нормалар да бузулганын белгилеп, жарандардын мыйзамдарды талкуулоого жана кабыл алууга катышуу укугу бузулганын, парламент жана өкмөт аны адегенде кеминде бир айлык коомдук талкууга коюп, текстин жана негиздемесин элге ачык көрсөтүүгө милдеттүү болгонун айтты. «Бул алардын укугу эмес, милдети болчу» деп белгиледи.

Ал өзгөчө кырдаал болчу деген жүйө негизсиз экенин, себеби өлкөдө коомдук-саясий абал 14-15-октябрда эле турукташып калганын кошумчалады.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар Бишкекте митинг өткөрүшкөн. Ошол түнкү башаламандык бийликтин алмашуусуна алып келген.

9-октябрда Боршайком шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кийин кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

22-октябрда премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров президентти жана парламентти шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага чейин парламент бул долбоорду дээрлик бир күндө талкуулап, кабыл алып берген.

Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун кайра шайлоо өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарганы 24-октябрда белгилүү болгон. Боршайком соттун бул чечимине каршы даттанганы жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG