Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Зеленский «айрым коңшулардан айырмаланып» Украинада шайлоо эркин өткөнүн билдирди


Владимир Зеленский добуш берүү учурунда. 25-октябрь, 2020-жыл.
Владимир Зеленский добуш берүү учурунда. 25-октябрь, 2020-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-октябрда өткөн жергиликтүү шайлоолор эркин өткөнүн жана өлкө туура жолдо бара жатканын билдирди. Ал добуш берүү аяктаган соң «Фейсбуктагы» баракчасына жазган билдирүүсүндө Украинада анын айрым коңшуларынан айырмаланып, эркин шайлоо негизги артыкчылык экенин белгиледи.

Зеленский шайлоо системасында бир катар маселелер бар экенин моюнга алып, «таза эмес акча жана медиа ресурстар» добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этип жатканын жазды.

Бирок украин президенти өз өлкөсү туура жолдо баратканын жана бул шайлоо менен жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу жергиликтүү башкаруу органдарын тандайт деп ишенерин билдирди.

Украинада 25-октябрда жергиликтүү шайлоо өттү. Бул добуш берүү өлкөдө кабыл алынган жаңы Шайлоо кодексине ылайык өткөн алгачкы шайлоо болуп калды. Анда жергиликтүү бийлик органдарына кошумча укук берилет.

Экзит-поллдордун жыйынтыгы боюнча Киевдин мэри Виталий Кличко экинчи айлампага чыкканын көрсөтүүдө. Аны негизги атаандашы мурдагы президент Виктор Януковичтин учурунда Киевди башкарган Александр Попов болушу мүмкүн.

Ошондой эле Харьков, Одесса, Днепр жана Львов шаарларында да буга чейинки шаар башчылары алдыда баратканы белгилүү болду.

Украинада шайлоо күнү президент Владимир Зеленскийдин демилгеси менен жалпы улуттук деп аталган сурамжылоо өттү. Анда бийлик «Эл кызматчысы» партиясынын ыктыярчылары өлкөдөгү маанилүү деп эсептелген беш маселе боюнча шайлоочулардын пикирин сурашты. Анда коррупцияга байланыштуу айыпталгандарды өмүр бою эркинен ажыратуу, Украинанын аймактык бүтүндүгүн сакташ үчүн Будапешт меморандумун колдонуу, Донбасстын аймагында эркин экономикалык зоналарды түзүү боюнча суроолор бар. Өлкөдөгү оппозициячыл партиялар Зеленскийдин бул демилгесин сындап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG