Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 05:01

Беларуста иш таштоо башталды


Беларустагы ишканалардын бириндеги иш таштаган жумушчулар.

Беларуста 26-октябрда айрым ири ишканаларда элдик иш таштоо башталды. Анын алдында, жекшембиде оппозиция лидери Светлана Тихановская жарандарды ушундай каршылык акциясын өткөрүүгө чакырган. 25-октябрда Минск баштаган бир катар шаарларда түмөндөгөн адамдар кайрадан нааразылык акциясына чыгышты. Күч түзүмдөрү демонстранттарды кууп таратып, ондогон адамдар камакка алынды. Беларуста 2,5 айдан бери Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган акциялар токтобой жатат.

«Элдик ультиматумдун мөөнөтү бүттү. Бүгүн жалпы элдик иш таштоо башталат - бул беларустардын эркиндиккке, зомбулукту токтотууга жана жаңы шайлоого карай таштаган кийинки кадамы. Мамлекеттик заводдордун жана мекемелердин жумушчулары, айдоочулар, шахтёрлор, мугалимдер жана студенттер таң эртеден тартып иш таштап жатат», - деди Тихановская 26-октябрда.

Азырынча кайсы ишканалар, канча жумушчу иш таштаганы так белгисиз. «Минпром» ишканасы жумушчулары мындай акцияга катышып жатканын жокко чыгарды. «Азаттыктын» беларус кызматы «Гродно Азотто» 150дөй жумушчу иш таштаганын, 13 киши камакка алынганын жазды. «Белнефтехим» ишканасынын жетекчилиги айрым активист жумушчуларды киргизбей койгону белгилүү болду. Анын алдында бул жумушчулар оппозициянын иш таштоо тууралуу демилгесин колдой турганын айтып видео кайрылуу таратышкан эле. «Атлантада» жумушчулардын жүрүшү болду. Минскиде Башкаруу академиясынын айрым студенттери иш таштаган жумушчуларга тилектештик билдирип чыгышты. Ушундай эле акцияны Беларус улуттук техникалык университети да өткөрдү.

Минскиде жекшембидеги нааразылык акциясына айрым бир маалымат булактарына ылайык, 100 миңдей киши катышты. Милиция жаш агызган каражаттарды, кулак тундурган гранаталарды колдонуп, демонстранттарды кууп таратты.

XS
SM
MD
LG